Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 25-апрели № 1876-V
2012-жылга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тышкы аудиторун тандоо боюнча тендерге катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ичинен талапкерликтерди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы:
2012-жылга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тышкы аудиторун тандоо боюнча тендердик комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү депутаттарынын талапкерликтерин киргизсин:
З.И.Бекбоев - "Ар-Намыс" депутаттык фракциясынан;
М.Г.Мадеминов - КСДП депутаттык фракциясынан;
А.М.Режавалиев - "Республика" депутаттык фракциясынан;
Ж.Р.Сапарбаев - "Ата Мекен" депутаттык фракциясынан;
М.А.Султанов - "Ата-Журт" депутаттык фракциясынан;
тендердик комиссиянын иши үчүн тиешелүү шарттарды белгиленген тартипте камсыз кылсын.
Төрага | А.Жээнбеков |