Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 25-апрели № 1878-V
"Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келүүчү буудай унуна сезондуу ташып келүү (импорттук) бажы алымынын ставкасын белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келүүчү буудай унуна сезондуу ташып келүү (импорттук) бажы алымынын ставкасын белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбооруна төмөнкү сунуштарды эске алуу менен макулдук берилсин:
токтомдун долбоорунун 1 жана 2-пункттары төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"1. ТЭИнин ТНсынын 1101001100, 1101001500 коддору боюнча классификациялануучу, чыккан өлкөсүнө карабастан Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келүүчү буудай унуна 1 кг үчүн 2,5 сом өлчөмүндө сезондуу ташып келүү (импорттук) бажы алымынын ставкасы 6 айлык мөөнөткө белгиленсин.";
3-8-пункттар тиешелүүлүгүнө жараша 2-7-пункттар деп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:
ата мекендик өндүрүүдөгү унга баалардын жогорулашына жол бербөөгө багытталган чараларды көрүү;
ата мекендик товар өндүрүүчүлөр тарабынан унга баалар негизсиз көтөрүлгөн учурда "Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келүүчү буудай унуна сезондуу ташып келүү (импорттук) бажы алымынын ставкасын белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун жокко чыгаруу боюнча токтоосуз чараларды көрүү;
жеке адамдар тарабынан буудай унун 100 килограммга чейин алымсыз ташып келүүнү камсыз кылуу.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (А.Т.Сулайманов) жүктөлсүн.
Төрага | А.Жээнбеков |