Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 10-майы № 1886-V
2011-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейинки мезгилде Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандардын бирикмелери, менчигинин түрүнө карабастан ишканалар, уюмдар жана алардын кызмат адамдары тарабынан адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) жылдык доклады тууралуу
2011-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейинки мезгилде Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандардын бирикмелери, менчигинин түрүнө карабастан ишканалар, уюмдар жана алардын кызмат адамдары тарабынан адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) докладын угуу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 133-беренесинин 3 жана 5-бөлүктөрүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейинки мезгилде Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандардын бирикмелери, менчигинин түрүнө карабастан ишканалар, уюмдар жана алардын кызмат адамдары тарабынан адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) доклады (мындан ары - Доклад) эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлерине кызматтык териштирүүлөрдү жүргүзүү, бошотуу (кызматынан убактылуу четтетүү) дисциплинардык жаза-чараларын көрүү жана алып салуу, төмөнкү көрсөткүчтөр боюнча - кызматкердин ээлеген кызматына же аткарып жаткан ишине ылайык келбегендигинин; кызматтык милдеттерге ак ниет мамиле жасабагандыгынын, анын ичинде жарандарга карата оройлукту жана одонолукту көрсөткөндүгүнүн; мамлекеттик органдардын жана башкаруу органдарынын маалыматтарына (жашыруун маалыматты албаганда) жетүү укугу жөнүндө мыйзамдардын ченемдерин аткарбагандыгынын көрсөткүчтөрү боюнча ишти өркүндөтсүн;
укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кыйноолор менен мамиле жасоонун катаал түрлөрүн колдонуу, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары жөнүндө жарандардын арыздарын жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) жооп кайтаруу актыларын каралышына контролду күчөтсүн, ошодой эле жазык иштерин козгосун жана аларды сотко өз убагында жиберүүгө көмөк көрсөтсүн;
акы төлөнүүчү негизинде көрсөтүлүүчү кызматтарды мамлекеттик органдардын милдетинен алып салуу жүйөсүнө ченемдик укуктук актыларды талдоону жана тизмектеп текшерүүнү жүргүзсүн;
чет өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын жарандарын эмгекке орноштуруунун, ошондой эле эмгек ишин жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары кеткен Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоонун үстүндө иштеген юридикалык жактардын ишин контролдоону күчөтсүн; чет өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын элчиликтери менен консулдуктарынын кыргыз мигранттарынын укуктары менен эркиндиктерине байланышкан ишти мониторингден өткөрүү жана өркүндөтүү боюнча ишин күчөтсүн;
Кыргыз Республикасынын жарандарынын бузулган эмгектик укуктарын калыбына келтирүү боюнча ишти, ошондой эле бош жумуш орундарынын бар экендиги жана алар тарабынан эмгек мыйзамдарынын сакталышы жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча юридикалык жана жеке жактар менен иштөөнү өркүндөтсүн;
иш жүзүндө жашаган жери боюнча катталуунун жоктугунун айынан саламаттык сактоо жана билим берүү мекемелерине жетүүдө Кыргыз Республикасынын жарандарына чек коюу менен байланышкан учурларды болтурбоо жөнүндө сунуштарды киргизсин;
адаттан тышкаркы учурларда акысыз негизде берилүүчү дары-дармек каражаттары менен медициналык мекемелерди камсыз кылуу боюнча; пенсиялык курактагы жарандарды, балдарды, аялдарды, тизмеги Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген оорулардан жабыр тарткан жарандарды дары-дармек каражаттары менен камсыз кылуу боюнча; медицина мекемелеринин имараттары менен курулмаларын ремонттоо жана калыбына келтирүү боюнча сунуштарды киргизсин;
жеке жактар тарабынан сатылуучу дары-дармек каражаттарына сапатты, тарифтерди жана баа түзүүнү контролдоо боюнча, ошондой эле мамлекеттик ооруканалар менен клиникалардын медицина кызматкерлери тарабынан дары-дармек каражаттарынын сатылышына тыюу салуу жөнүндө сунуштарды киргизсин;
медициналык камсыздандыруу боюнча, ошондой эле медициналык тейлөө менен дарылоонун квалификациясынын жана сапатынын деңгээлин жогорулатуу боюнча органдардын ишинин мониторинги жана бүдөмүксүздүгү боюнча ишти күчөтсүн;
айыл жеринде жашоо деңгээлин жогорулатуу - айыл чарбасында жумуш орундарын түзүү, социалдык объекттер менен кызматтарга каржылык колдоо көрсөтүү жана өнүктүрүү жөнүндө сунуштарды киргизсин;
эркиндигин чектөө жерлериндеги кардарлардын тамак-ашка жана күтүүгө чыгымдарын, аларда ремонт жумуштарын жүргүзүүнү, анын ичинде жашы жетпегендер, эркектер жана аялдар үчүн палаталарды өз-өзүнчө күтүүнү (алардын арасында кара күч жана сексуалдык зомбулукка жол бербөө максатында) каржылоо маселелерин кайра карасын;
кызматтык квартираларды, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар, көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн квартираларды куруу боюнча; көп кабаттуу турак үйлөрдү ремонттоо боюнча, ошондой эле көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу боюнча техникалык регламенттерге аларга жакын жаткан аймактарда күйүүчү-майлоочу материалдарды сактоо жана сатуу объекттерин курууга тыюу салуу жөнүндө ченемдерди киргизүү боюнча сунуштарды киргизсин;
басып алуу жана алардын турак жайларга менчик укуктарын башка адамдарга өткөрүп берүү боюнча шектүү бүтүмдөрдү (ишенимге кирүү менен жетишилген) жасоого жол бербөө максатында жашы жетпеген балдардын, ата-энелеринен кароосуз калган балдардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын, пенсионерлердин мүлкүн ээлигинен ажыратуу боюнча механизмдерге тыюу салуу же аларды катуулатуу жөнүндө сунуштарды киргизсин;
республиканын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин жана башка укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан пикирин эркин билдирүүгө журналисттердин укуктарын жана анык маалымат алууга башка жарандардын укуктарын жол берилген Докладда баяндалган бузуулар жөнүндө маселелерди чечүү боюнча маалымат берсин;
кыз ала качкандык жана кыздар менен аялдарды зордуктагандык үчүн жазык жоопкерчилигин катуулатуу жөнүндө сунуштарды киргизсин;
кайрылган адамдардын кызыкчылыктарын коргоо боюнча тиешелүү милдеттенмелери менен жарандарга акысыз юридикалык жана адвокаттык жардам берүү боюнча сунуштарды киргизсин.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары:
жөндөмсүз адамдарды, көзөмөлсүз калган балдарды колдоо жана көзөмөлдөө органдарынын ишин өркүндөтсүн;
муниципалдык менчиктин социалдык арналыштагы объекттерин (балдар бакчалары, мектептер, ооруканалар ж.у.с.) мамлекеттик органдарга жана ведомстволорго менчикке, ижарага жана пайдалануунун башка түрлөрүнө өткөрүп берүү жөнүндө; ал мекемелер үчүн жана турак үйлөрдү, анын ичинде көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн жер участокторун бөлүштүрүүдө жер, архитектуралык мыйзамдардын сакталышы тууралуу маалыматты белгиленген тартипте берсин;
кызматтык квартираларды, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар, көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн квартираларды куруу боюнча; көп кабаттуу турак үйлөрдү ремонттоо боюнча, ошондой эле көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу боюнча техникалык регламенттерге аларга жакын жаткан аймактарда күйүүчү-майлоочу материалдарды сактоо жана сатуу объекттерин курууга тыюу салуу жөнүндө ченемдерди киргизүү боюнча ишти өркүндөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
Докладда берилген адам укуктарын бузуулардын жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) ишине тоскоолдук кылуунун фактылары боюнча материалдарды талдасын, тиешелүү кызмат адамдарына карата чараларды көрсүн жана алар боюнча маалыматты 2012-жылдын 10-июнуна чейин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине берсин;
Докладда берилген материалдарды талдасын жана төмөнкү укук бузуулардын фактылары боюнча чараларды көрсүн:
- билим берүү мекемелеринде акча каражаттарын мыйзамсыз алуунун;
- адам укуктарынын;
- жер мыйзамдарынын;
- менчик укуктарынын;
- мыйзамдардын процесстик ченемдеринин, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин укукка сыйбаган аракеттеринин фактылары боюнча.
5. Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин ишине карата жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) судьяларга карата кайрылууларын кароого карата даттануулар боюнча өз сунуштарын киргизүү Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине сунушталсын.
Төрага | А.Жээнбеков
|