КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 10-майы № 1888-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 26-январындагы № 1540-V токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын макулдашылган вариантын кабыл алуу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 26-январындагы № 1540-V токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын макулдашылган варианты кабыл алынсын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Жээнбеков
|