Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 10-майы № 1894-V
"Бишкек шаарында 2011-жылдын 13-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Бишкек шаарын жана Ош шаарын электр менен жабдууну жакшыртуу" долбоорун каржылоо үчүн кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 25-ноябрындагы № 734-а токтом) "Бишкек шаарында 2011-жылдын 13-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Бишкек шаарын жана Ош шаарын электр менен жабдууну жакшыртуу" долбоорун каржылоо үчүн кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Кредиттик макулдашуунун ишке ашырылышынын жүрүшү жөнүндө отчетту Эл аралык иштер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине 2012-жылдын сентябрынын биринчи жарымында берүү Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине тапшырылсын.
Төрага | А.Жээнбеков
|