Редакцияот 10.05.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2012-жылдын 10-майы № 1895-V

"Мунай жана газ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири жөнүндө

"Мунай жана газ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2012-жылдын 9-февралында кабыл алынган "Мунай жана газ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирине макулдук берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирин эске алуу менен Мыйзамдын текстин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрү менен биргелешип жеткире иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Президентине кол коюуга жиберүү Экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (И.А.Пирматов) тапшырылсын.

 

Төрага

А.Жээнбеков