Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 10-майы № 1897-V
"Чогуу алганда Бишкек шаарынын Бөкөнбаев жана Лев Толстой көчөлөрүн реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну түзүүчү Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн катына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июлундагы жооп катын ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2012-жылдын 13-мартындагы № 170 токтом) "Чогуу алганда Бишкек шаарынын Бөкөнбаев жана Лев Толстой көчөлөрүн реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну түзүүчү Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн катына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июлундагы жооп катын ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
Төрага | А.Жээнбеков
|