Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 10-майы № 1901-V
"Алтын казып алуу кенинин ишинин таасири тийген райондо жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу, айлана-чөйрөнүкоргоо, өндүрүштүк процесстердин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча ченемдер менен талаптардын "Кумтөр оперейтинг компани" ЖАКы тарабынан сакталышын, ошондой эле жүзөгө ашырылып жаткан мамлекеттик контролдун абалын текшерүү жана иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтүн узартуу жөнүндө
2012-жылдын 3-апрелинде түзүлгөн Алтын казып алуу кенинин ишинин таасири тийген райондо жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо, өндүрүштүк процесстердин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча ченемдер менен талаптардын "Кумтөр оперейтинг компани" ЖАКы тарабынан сакталышын, ошондой эле жүзөгө ашырылып жаткан мамлекеттик контролдун абалын текшерүү жана иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын (мындан ары - Комиссия) жумушчу тобу азыркы убакта Комиссиянын суроо-талаптары боюнча республиканын министрликтери менен ведомстволорунан жана Кумтөр кенинде иштеген компаниялардан түшүп жаткан маалыматтарды жыйноо жана иштетүү боюнча активдүү иш жүргүзүп жаткандыгына, ошондой эле жумушчу топтун Кумтөр кенине баруусун жүзөгө ашыруу аба ырайынын шарттарынын айынан жана эксперттердин сунуштамасы боюнча 2012-жылдын 10-майына пландаштырылгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Комиссиянын ишинин мөөнөтү "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык 2012-жылдын 28-июнуна чейин узартылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (И.А.Пирматов) жүктөлсүн.
Төрага | А.Жээнбеков
|