Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 16-майы № 1903-V
К.А.Момбековду Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызматынан четтетилишинин негизсиздиги жөнүндө
К.А.Момбековдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын ээлеген кызматынан негизсиз четтетилиши жөнүндө келип түшкөн арыздарды карап чыгып, Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети төмөнкүлөрдү белгиледи.
К.А.Момбеков Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 12-февралындагы № 1660-III токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызматына шайланган.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 3-апрелиндеги ПЖ № 151 Жарлыгы менен К.А.Момбеков Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалган.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын тескемеси менен 2010-жылдын 12-апрелинде К.А.Момбековго Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын милдеттерин аткаруу жүктөлгөн.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 5-октябрындагы ПЖ № 224 Жарлыгы менен К.А.Момбеков Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын биринчи орун басарынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызматтарынан четтетилген.
2011-жылдын 21-январында, ал Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын биринчи орун басарынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызматтарынан четтетилгенден 3 айдан кийин, Кыргыз Республикасынын Президенти кынтыксыз жүрүм-турумуна жана Кыргыз Республикасынын судьясынын жогорку наамына коошпогон жосундарга ал тарабынан жол берилгендигине баа берүү үчүн К.А.Момбековго карата материалдарды Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине берген. Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин 2011-жылдын 18-февралындагы чечими менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы К.А.Момбековго карата аны ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндөгү тартиптик жаза-чарасы колдонулган.
Кыргыз Республикасынын Президентинин киргизилген сунуштамасын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши өзүнүн 2011-жылдын 9-сентябрындагы № 987-V токтому менен К.А.Момбековду Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын биринчи орун басарынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызматтарынан бошотуу үчүн негиз болуп саналган материалдарды иликтөөнү Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине жана Сот-укук маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине тапшырган.
Кийин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети жана Сот-укук маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына К.А.Момбековду Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 30-августундагы № 15-1798 сунуштамасы киргизилген.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2011-жылдын 30-сентябрында К.А.Момбековду Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын биринчи орун басарынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызматтарынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин сунуштамасын четке кагуу тууралуу № 1086-V токтом кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши 2012-жылдын 29-мартында Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун сунуштамасын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 317-статьясынын 2-бөлүгү менен каралган кылмышты жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы К.А.Момбековду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору А.Ж.Салянованын сунуштамасын канааттандыруудан баш тартууну чечкен.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 30-сентябрындагы № 1086-V токтомунун негизинде Сот-укук маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Ф.З.Жамашевага К.А.Момбековду Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын биринчи орун басарынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызматтарына калыбына келтирүү сунуш кылынган. Бирок Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин көрсөтүлгөн токтомунда К.А.Момбековду кызматтарына калыбына келтирүү жөнүндө көрсөтүлгөн эмес деген жооп алынган.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын биринчи орун басары жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы К.А.Момбековду өз милдеттерин аткарууга киришкен деп эсептелсин.
2. Ушул токтом кабыл алган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Ушул токтомдун аткарылышына контролдоо Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Т.Т.Туманов) жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
Т.Зулпукаров
|