Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 16-майы № 1904-V
Жалпыга маалымдоо каражаттарында чет өлкөлөрдө никеге туруу жөнүндө жарнактык кулактандырууларга тыюу салуу боюнча чаралар тууралуу
Улуттун генофондун жана адеп-ахлагын сактап калуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпыга маалымдоо каражаттарында чет өлкөлөрдө никеге туруу жөнүндө жарнактык кулактандырууларга тыюу салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
чет өлкөлүк мамлекеттердин жарандары менен никеге туруу жана үй-бүлө куруу чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүчү агенттиктердин ишин лицензиялоо маселесин иликтесин;
Кыргыз Республикасынын жарандары менен чет өлкөлүк мамлекеттердин жарандарынын ортосунда никеге туруу маселелеринде кызматтарды көрсөтүүчү агенттиктердин эл аралык ортомчулук ишинин маселелерин иликтесин;
эл аралык никеге туруу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү агенттиктердин маалыматтык базасын түзсүн;
чет өлкөлүк мамлекеттердин жарандары менен никеге турган Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоону камсыз кылуу боюнча чет өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын элчиликтеринин жана консулдуктарынын ишин күчөтсүн;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргелешип никеге туруу максатында чет өлкөлөргө кетүү менен байланышкан тобокелдиктер жана коркунучтар жөнүндө калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү ишин жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети жана Ички иштер министрлиги чет өлкөлөрдү никеге туруу жөнүндө жарнамалык кулактандырууларды жайгаштырууга бөгөт коюу боюнча чараларды жүзөгө ашырсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Э.Ж.Алымбеков), Социалдык саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Д.А.Ниязалиева) жана Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (К.Осмоналиев) жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Т.Зулпукаров
|