Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-майы № 1906-V
Жеке жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу алынып өтүлүүчү гибриддик кыймылдаткычтуу автотранспорт каражаттары жөнүндө
Кыймылдаткычтардан чыгуучу газдардан айлана-чөйрөнүн булгануу деңгээлин төмөндөтүү жана гибриддик кыймылдаткычтуу автотранспорт каражаттарына бажы алымдарын, бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү ставкасын төлөөдө жеңилдетилген режим берүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тиешелүү мамлекеттик органдарга төмөнкүлөрдү тапшырсын:
гибриддик кыймылдаткычтуу автотранспорт каражаттарын эсепке алуу киргизүүнү;
гибриддик кыймылдаткычтуу автотранспорт каражаттарынан бажы алымдарынын жана салыктардын түшүүлөрү боюнча мониторинг жүргүзүүнү;
мониторингдин натыйжалары боюнча жеке жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу гибриддик кыймылдаткычтуу автотранспорт каражаттарын алып өтүүдө бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү ставкасын 50 пайызга төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн кароону.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мониторингдин натыйжалары жөнүндө тиешелүү маалыматты Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д.Бекешевге 2012-жылдын 1-сентябрына чейин, ошондой эле 2013-жылдын 1-январына чейин берсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Т.Зулпукаров
|