Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-майы № 1914-V
"Эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишмердүүлүктө Кыргыз Республикасынын катышуусунун негиздери жана тартиптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2012-жылдын 12-январындагы N 35 токтом) "Эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишмердүүлүктө Кыргыз Республикасынын катышуусунун негиздери жана тартиптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Коргоо жана коопсуздук боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (Т.Б.Мамытов) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун кабыл алынган жазуу жүзүндөгү түзөтүүлөрдү эске алуу менен үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрагасынын орун басары |
Т.Зулпукаров
|