Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 24-майы № 1932-V
"Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 13-декабрындагы № 754 токтому) "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Аларды мыйзамдарда белгиленген тартипте бекитпестен республикалык бюджеттин параметрлерин өзгөртүү бөлүгүндө республикада бюджеттик процесстерди жөнгө салуу маселелери боюнча колдонуудагы мыйзамдардын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан сакталбагандыгы жөнүндө белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Эсептөө палатасы мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруунун максатка ылайыктуулугун жана алардын бюджеттин тартыштыгына тийгизген таасиринин натыйжалуулугун иликтесин.
Төрага | А.Жээнбеков
|