Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 31-майы № 1960-V
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине, "Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө", "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө", "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.А.Скрипкина, О.Л.Домшенко, Д.Д.Бекешев, Д.А.Ниязалиева, А.Ш.Жээнбеков, Н.В.Никитенко, Ж.Р.Сапарбаев тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине, "Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө", "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө", "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамы экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (Э.Ж.Алымбеков) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун кабыл алынган жазуу жүзүндөгү түзөтүүлөрдү эске алуу менен үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине киргизсин.
Төрага | А.Жээнбеков
|