Редакцияот 31.05.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2012-жылдын 31-майы № 1962-V

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 4-апрелиндеги № 1756-V токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кабыл алуу жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 4-апрелиндеги № 1756-V токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты кабыл алынсын.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

А.Жээнбеков