Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 7-июну № 1970-V
Банктык жана банктык эмес каржы-кредиттик мекемелердин заемчуларынын проблемаларын чечүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө
Банктык жана банктык эмес каржы-кредиттик мекемелердин заемчуларынан күрөөгө коюлган мүлктү алып коюуга банктарга тыюу салуу, кредитти тындыруунун мөөнөттөрүн узартууда көмөк көрсөтүү, кошуп эсептелген пайыздарды жоюу өтүнүчү жана башка бир катар сунуштар менен көп сандаган кайрылуулардын келип түшкөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Банктык жана банктык эмес каржы-кредиттик мекемелердин заемчуларынын проблемаларын чечүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия (мындан ары - Комиссия) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү депутаттарынын курамында түзүлсүн:
М.И.Бакиров - "Республика" депутаттык фракциясынан;
М.Г.Мадеминов - КСДП депутаттык фракциясынан;
Д.А.Жумабеков - "Ата-Журт" депутаттык фракциясынан;
Н.Н.Бадыкеева - "Ар-Намыс" депутаттык фракциясынан;
Б.Калмаматов - "Ата Мекен" депутаттык фракциясынан.
(КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 13-июнундагы № 2011-V, 2012-жылдын 27-июнундагы № 2125-V токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Комиссия Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна төмөнкүлөрдү киргизсин:
2012-жылдын 20-июнуна чейинки мөөнөттө коммерциялык банктар жана банктык эмес каржы-кредиттик мекемелер менен алардын заемчуларынын ортосундагы маселени жөнгө салуу максатында берилген кредиттердин мөөнөтүн узартуу же кайра түзүмдөштүрүү жолу менен заемчулардын проблемаларын чечүү боюнча сунуштарды:
2012-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө банктык мыйзамдарга "кредит берүүчү - заемчу" эки тараптуу мамилелерди жөнгө салуучу, банкка кредиттик келишимдин алгачкы шарттарын бир тараптуу тартипте өзгөртүүгө тыюу салуучу негизги карызды артыкчылыктуу, андан кийин алар боюнча пайыздарды тындыруу жолу менен кредит боюнча төлөмдөрдү тындырууга багыттоону караган түзөтүүлөрдү ж.у.с. караган сунуштарды.
3. Комиссия ишке Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, заемчулардын демилгечи тобунун (макулдашуу боюнча) өкүлдөрүн, адистерди жана көз карандысыз эксперттерди тартууга укуктуу.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (А.Т.Сулайманов) жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Б.Төрөбаев |