Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 7-июну № 1971-V
Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын чек арасында жайгашкан Аспара суу бөлүштүргүчүнө байланыштуу көйгөйлөрдү иликтөө жана чечүү боюнча убактылуу комиссия түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү депутаттарын киргизүү менен Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын чек арасында жайгашкан Аспара суу бөлүштүргүчүнө байланыштуу көйгөйлөрдү иликтөө жана чечүү боюнча убактылуу комиссия (мындан ары Комиссия) түзүлсүн:
К.К.Исаев - "Республика" депутаттык фракциясынан, комиссиянын төрагасы;
К.С.Бокоев - "Республика" депутаттык фракциясынан;
Э.А.Сакебаев - КСДП депутаттык фракциясынан;
К.К.Иманалиев - "Ар-Намыс" депутаттык фракциясынан;
А.К.Кочкорбаев - "Ата-Журт" депутаттык фракциясынан;
Г.Ж.Бейшенбаева - "Ата Мекен" депутаттык фракциясынан.
2. Кыргыз Республикасынын төмөнкү мамлекеттик органдарынын жетекчилери Комиссиянын курамына киргизилсин:
Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин;
Тышкы иштер министрлигинин;
Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин;
Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын.
3. Кыргыз Республикасынын бардык тиешелүү министрликтери жана мамлекеттик органдары Комиссиянын ишине көмөк көрсөтсүн.
4. Комиссия өз ишин 2012-жылдын 7-июнунда баштасын жана эки жумалык мөөнөттө жүргүзүлгөн иштердин натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдасын.
| Б.Төрөбаев Төраганын орун басары
|