КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 7-июну №1978-V
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" ("Кыймылсыз мүлккө жана алар менен жасалган бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.И.Бакиров, А.Ш.Султанов тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" ("Кыймылсыз мүлккө жана алар менен жасалган бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө 5 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.
3. Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (М.Ю.Абдылдаев) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А.Жээнбеков |