КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 7-июну № 1994-V
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.М.Маматалиев, А.Артыков, Э.Эрматов, Г.О.Жамгырчиева жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (2012-жылдын 1-февралындагы № 81 токтом) тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (А.Т.Сулайманов) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун кабыл алынган жазуу жүзүндөгү түзөтүүлөрдү эске алуу менен үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А.Жээнбеков
|