КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 7-июну № 1997-V
"Кыйноолорго жана башка ырайымсыз, адамкерчиликке жатпаган же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге жана жазалоолордун түрлөрүнө бөгөт коюу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.А.Сасыкбаева, А.К.Келдибеков, А.Ш.Жээнбеков, Б.А.Мамырова, Б.С.Кадыров, Ш.Айтматова, Р.Б.Жээнбеков, И.Ю.Карамушкина, А.Б.Баатырбеков, Д.Д.Бекешев, А.Т.Алтыбаева тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыйноолорго жана башка ырайымсыз, адамкерчиликке жатпаган же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге жана жазалоолордун түрлөрүнө бөгөт коюу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | А.Жээнбеков
|