Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 7-июну № 2008-V
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин арамагына өткөрүп берүү жөнүндө маселени кароо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштама туралуу
Жазаларды аткаруу тутумунун ишин өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү маселелерди кароо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталсын:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин карамагына өткөрүп берүү жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын карамагындагы жатак абактарды жоюу жана алардын базасында жалпы режимдеги түзөтүү абактарын түзүү жөнүндө.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумду реформалоонун программасын иштеп чыгуу менен бекитсин жана ушул тапшырманын аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдасын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (М.Ю.Абдылдаев) жүктөлсүн.
4. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | А.Жээнбеков
|