Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 14-июну № 2020-V
"Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 25-октябрындагы № 670 токтому) "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр тапшырылсын:
Кыргыз Республикасында болуу мезгилине бардык чет өлкөлүк жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу киргизүү жөнүндө сунушту кароо;
мамлекеттик чек арадан өтүүдө бардык өткөрүү пункттарында чек ара контролунун автоматташтырылган тутумун киргизүү боюнча ишти активдештирүү.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жарандарына карата бир тараптуу тартипте визасыз режим киргизилип жаткан өлкөлөргө алардын жарандары үчүн визасыз режим 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөт менен киргизилгендиги жана Мыйзамдын алдына коюлган максаттарга жетишилген учурда мөөнөтсүз негизде киргизиле тургандыгы жөнүндө маалымдасын.
Төрага | Б.Төрөбаев
|