Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 14-июну №2044-V
"Пекин шаарында 2012-жылдын 5-июнунда кол коюлган "Датка-Кемин" 500 кВ электр берүү линиясын жана "Кемин" 500 кВ подстанциясын куруу" долбоорун каржылоо боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги атынан чыгуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы Жеңилдетилген кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2012-жылдын 7-июнундагы №381 токтом) "Пекин шаарында 2012-жылдын 5-июнунда кол коюлган "Датка-Кемин" 500 кВ электр берүү линиясын жана "Кемин" 500 кВ подстанциясын куруу" долбоорун каржылоо боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги атынан чыгуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы Жеңилдетилген кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
Төраганын орун басары |
Б.Төрөбаев |