Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 14-июну №2048-V
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка кызматкерлерди кабыл алуу боюнча комиссиянын түзүлүшүнүн жана ишинин маселелеринин мыйзамдуулугун иликтөө жана чечүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка кызматкерлерди кабыл алуу боюнча комиссиянын түзүлүшүнүн жана ишинин маселелеринин мыйзамдуулугун иликтөө жана чечүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия (мындан ары - Комиссия) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү депутаттарынын курамында түзүлсүн:
К.К.Исаев - "Республика" депутаттык фракциясынан;
У.Т.Кочкоров - "Ата-Журт" депутаттык фракциясынан;
Т.Б.Мамытов - "Ар-Намыс" депутаттык фракциясынан;
Т.Мадылбеков - "Ата Мекен" депутаттык фракциясынан;
З.М.Алымбеков - КСДП депутаттык фракциясынан.
(КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2252-V токтомунун редакциясына ылайык)
2. Комиссия өз ишин 2012-жылдын 14-июнунан тартып баштасын жана жасалган иштин натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине эки жумалык мөөнөттө маалымдасын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Комиссиянын ишинин натыйжалары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилгенге чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка кызматкерлерди кабыл алууну токтотсун.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджетине өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты каржылоону жүзөгө ашырбасын.
5. Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдары жана тиешелүү министрликтери Комиссиянын ишине көмөк көрсөтсүн.
Төраганын орун басары |
Б.Төрөбаев
|