Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 21-июну №2054-V
Мыйзамсыз менчиктештирилген мектепке чейинки билим берүү уюмдарын кайтарып алуу маселесин иликтөө боюнча (1-этап) Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин жумушчу тобунун маалыматы жөнүндө
Мыйзамсыз менчиктештирилген мектепке чейинки билим берүү уюмдарын кайтарып алуу маселесин иликтөө боюнча Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин жумушчу тобунун (мындан ары - жумушчу тобу) маалыматын угуп жана карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүнү белгилейт.
2011-жылдын 17-ноябрындагы П № 170-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият, маалыматтык жана диний саясат боюнча комитетине тапшырма жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин протоколдук тапшырмасын аткаруу үчүн көрсөтүлгөн Комитеттин 2012-жылдын 11-майындагы чечими менен жумушчу тобу түзүлгөн.
Азыркы убакта Кыргыз Республикасында 1004 мектепке чейинки билим берүү уюму иштеп, алардын 204ү мамлекеттик, 547си муниципалдык, 253ү юридикалык жана жеке жактардын менчиги болуп саналат. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жогоруда көрсөтүлгөн санынын 572си арналышы боюнча (160ы мамлекеттик, 332си муниципалдык, 80и менчик), мыйзамсыз менчиктештирилген жана багыты өзгөртүлгөн 432си (42си мамлекеттик, 186сы муниципалдык, 204ү менчик) иштейт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд аркылуу менчиктештирилген мурда иштеп жаткан мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 42синин ичинен 2өө багыты боюнча, 40ы түздөн-түз багыты боюнча эмес иштейт. Көпчүлүк мектепке чейинки билим берүү уюмдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын чечимдери менен төмөнкү мамлекеттик жана муниципалдык органдарды жайгаштыруу үчүн өткөрүлүп берилген - 32си мамлекеттик (прокуратура, РИИБдер, ФАПтар, мектептер ж.у.с.) жана 10у боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд тарабынан объекттердин азыркы абалын иликтөө боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.
Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 1990-2000-жылдарда республиканын мектепке чейинки билим берүү уюмдарын менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын одоно бузуулар менен жүргүзүлгөндүгүн белгилейт.
Жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мыйзамсыз менчиктештирилген мектепке чейинки билим берүү уюмдарын кайтарып алуу маселесин иликтөө боюнча (1-этап) Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин жумушчу тобунун маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 1990-2000-жылдарда багыты өзгөртүлгөн 190 (32 мамлекеттик жана 158 муниципалдык) мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын аларды арналышы боюнча түздөн-түз пайдалануу үчүн кайтарып алуу боюнча чараларды мыйзамда белгиленген тартипте көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
мектепке чейинки билим берүү уюмдарын менчиктештирүүнүн мыйзамдуулугун текшерсин, мыйзам бузуулар табылганда аларды кайтарып алуу боюнча чараларды көрсүн;
"Мээрим" кайрымдуулук фондунун балансына өткөрүлүп берилген мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 2 имаратын кайтарып алуу жөнүндө маселени сот тартибинде чечсин.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд 2012-жылдын 1-сентябрына чейин 1990-2000-жылдарда менчиктештирилген жана арналышы боюнча пайдаланылбай жаткан мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын кайтарып алуу боюнча механизмдерди иштеп чыксын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (К.Осмоналиев) жүктөлсүн.
Төрага |
А.Жээнбеков |