Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 22-июну №2111-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.Т.Тюлеевди кармоо фактысын териштирүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын прокуратура жана Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын одоно бузуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.Т.Тюлеевдин укукка каршы күч колдонуу менен кармалганына жана алып келингенине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ыкчам-тергөө тобу тарабынан мыйзам нормаларын бузуу, жеке аймакка кирүү жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө карата күч колдонуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.Т.Тюлеевди кармоо фактысын териштирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү депутаттарынын курамында убактылуу депутаттык комиссия (мындан ары - Комиссия) түзүлсүн:
К.Э.Осмонов - "Ата-Журт" депутаттык фракциясынан;
Н.М.Мурашев - "Республика" депутаттык фракциясынан;
Ы.К.Кадыралиева - КСДП депутаттык фракциясынан;
Э.А.Кочкарова - "Ар-Намыс" депутаттык фракциясынан.
2. Комиссия:
бир айлык мөөнөттө көрсөтүлгөн фактыны териштирүүнү жүргүзсүн жана иштин натыйжалары жөнүндө баяндама берсин;
Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасынын депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын бузууга күнөөлүү Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жана укук коргоо органдарынын жетекчилерин жазык жоопкерчилигине тартууга чейинки жоопкерчиликтерин карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.Т.Тюлеев тергөөнүн жүрүшүндө коюлган күнөөнү олуттуу четке каккан айрым фактылар, ошондой эле аталган акциянын саясий мүнөзү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана тиешелүү ыкчам-тергөө кызматтары Комиссия тарабынан чечим кабыл алынганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.Т.Тюлеевге карата тергөө иштерин токтото турсун.
4. Комиссия өз ишине көз карандысыз эксперттерди жана адистерди тартууга, мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын сурамжылоого укуктуулугу белгиленсин.
Төрага |
А.Жээнбеков |