Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-июну №2120-V
Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин аймагында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер кызматчылары үчүн турак үйлөрдүн курулушу жөнүндө
Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин (мындан ары - КУАЛ) аймагында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер кызматчылары үчүн турак үйлөрдүн курулушу жөнүндө Кыргыз Республикасынын коргоо министри Т.Б.Өмүралиевдин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүгүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары У.Р.Нарусбаеванын жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б.О.Дүйшембиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүнү белгилейт.
КУАЛ өзүнүн уюштуруучулук-укуктук түрү боюнча негизги жана орто жалпы билим берүүнүн жалпы билим берүүчү программаларын ишке ашыруучу орус тилин терең окуп-үйрөнүүгө, күчөтүлгөн аскердик-дене бой даярдыгына багытталган мамлекеттик жалпы билим берүүчү мекеме болуп саналат. КУАЛ Кыргыз Республикасынын Президентинин 1994-жылдын 6-майындагы ПЖ №70 Жарлыгы менен Кыргызстан Коммунисттик партиясынын 60 жылдыгы атындагы республикалык атайын жатак мектептин базасында "улуттук" статусу менен түзүлгөн. Бул адистештирилген окуу жайы өлкөдө өзүнчө эле башкага салыштыргыс болуп саналып, ал келечектеги аскердик кадрларды даярдоодо урунттуу роль ойнойт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-январындагы №22 токтому менен КУАЛ Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлигинен Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин карамагына өткөрүлүп берилген.
Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги КУАЛдын аймагында, атап айтканда бул окуу жайынын жайкы спорттук аянтчасынын ордуна аскер кызматчылары үчүн турак үйлөрдү курууну баштаган. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча ал Бишкек шаарынын түндүк-чыгыш бөлүгүндө турган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскердик институтунун аймагына КУАЛды көчүрүү менен КУАЛдын базасында башкаруунун бирдиктүү органы болгон жетекчилик тутумун (Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабын) түзүүнү да пландаштырып жатат.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик билим берүү уюмдарынын мүлкү билим берүүдөн тышкары башка максаттарда пайдалануу үчүн алынып коюлууга жатпайт. Көрсөтүлгөн Мыйзамдын 47-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик билим берүү уюмдарынын имараттары жана курулмалары мамлекеттик билим берүү уюмдарына гана өткөрүлүп берилиши мүмкүн. Андан тышкары Аскердик институттун түзүмү жана базасы КУАЛдын окуучулары үчүн ишке ашырылуучу окуу программасын толук баалуу уюштуруунун талаптарына жооп бербейт.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулгандыгы белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
КУАЛдын аймагында турак үйлөрдү курууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен анын имараттарын жана курулмаларын өткөрүп берүүгө тыюу салсын;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол берген кызмат адамдарынын жоопкерчилиги жөнүндө маселени карасын;
аскер кызматчылары үчүн турак үйлөрдү куруу үчүн жер участогун мыйзамдар менен белгиленген тартипте кыска мөөнөттө аныктасын;
аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын, жетим балдарды, ошондой эле республиканын бийик тоолуу жана алыскы райондорунда жашаган үй-бүлөлөрдүн балдарын мамлекеттик колдоо максатында аларды КУАЛда 5 же 7-класстан тартып окутуу жөнүндө маселени карасын;
ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2012-жылдын 1-сентябрына карата маалымдасын.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол берген кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Коргоо жана коопсуздук боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Т.Б.Мамытов), Экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (И.Д.Пирматов) жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
Т.Зулпукаров |