Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-июну № 2121-V
2012-жылга Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана областтары боюнча иммиграциялык квотаны бекитүү жөнүндө
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2012-жылга Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана областтары боюнча чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасына иммиграцияга санынын эң көп чегин белгилеген иммиграциялык квота тиркемеге ылайык бекитилсин.
Төрагасынын орун басары Т.Зулпукаров
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин
2012-жылдын 27-июнундагы
№ 2121-V токтомуна
тиркеме
2012-жылга Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана областтары боюнча чет өлкөлүк жарандардын жана
жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасына иммиграцияга санынын эң көп чегин белгилеген
ИММИГРАЦИЯЛЫК КВОТА
Региондун аталышы | │ Саны (адам) |
Бишкек шаары | 370 |
Ош шаары | 92 |
Баткен областы | 128 |
Жалал-Абад областы | 250 |
Ысык-Көл областы | 50 |
Нарын областы | 39 |
Ош областы | 91 |
Талас областы | 17 |
Чүй областы │ | 300 |
Жыйынтыгы | 1337 |