Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 28-июну № 2135-V
"Бишкек шаарында 2010-жылдын 5-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Джидда декларациясы - II этап программасынын алкагындагы иш-чаралардын кыска мөөнөттүк планынын экинчи фазасынын чегинде буудайдын жогорку сапаттуу үрөндөрүн сатып алууну каржылоо үчүн акысыз каражат берүү жөнүндө гранттык макулдашууну (КҮR-031) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2012-жылдын 14-майындагы № 290 токтом) "Бишкек шаарында 2010-жылдын 5-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Джидда декларациясы - II этап программасынын алкагындагы иш-чаралардын кыска мөөнөттүк планынын экинчи фазасынын чегинде буудайдын жогорку сапаттуу үрөндөрүн сатып алууну каржылоо үчүн акысыз каражат берүү жөнүндө гранттык макулдашууну (КҮR-031) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
Төрага | А.Жээнбеков
|