Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 28-июну № 2146-V
"Москва шаарында Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Коллективдүү коопсуздук кеңешинин сессиясында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган, Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун 2002-жылдын 7-октябрындагы Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 11-ноябрындагы № 720 токтом) "Москва шаарында Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Коллективдүү коопсуздук кеңешинин сессиясында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган, Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун 2002-жылдын 7-октябрындагы Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 1992-жылдын 15-майындагы Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишимге катышкан мамлекеттер менен Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун 2002-жылдын 7-октябрындагы Уставынын текстине төмөнкүлөрдү киргизүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн:
Уюмга катышкан мамлекеттердин жарандарынын ичинен Уюмга катышкан мамлекеттердин аталыштарынын орус алфавитинин тартибинде ТИМКнын сунуштамасы боюнча ротациялык негизде эки жылдык мөөнөткө Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Башкы катчысын дайындоо бөлүгүндөгү өзгөртүүнү;
"кризистик кырдаалдар" түшүнүгүнүн аныктамасы жөнүндө толуктоону.
Төрага | А.Жээнбеков
|