Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-июну № 2194-V
Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасы менен чек арасында жайгашкан Аспара суу бөлүштүргүчүнө байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарбасы жана мелиорация департаменти Кыргыз ССРи менен Казак ССРинин ортосунда 1948-жылы 5-февралда түзүлгөн, Аспара суусун бөлүштүрүү боюнча Убактылуу жобону кайрадан карап чыксын жана сууну бөлүштүрүү учурунда Кыргыз Республикасынын үлүшүн көбөйтүү маселесин чечсин.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги:
Аспара суу бөлүштүргүчүнө байланыштуу көйгөйлөрдүн кайталанышына жол бербөө максатында Чүй областынын мамлекеттик администрациясы менен бирдикте аларды чечүүнүн жолдорун иштеп чыксын жана 2013-жылга Кыргыз Республикасынын бюджети каралганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;
эки мамлекеттин ортосунда түзүлгөн Убактылуу жобого ылайык Аспара суу бөлүштүргүчүнө байланыштуу көйгөйлөр биротоло чечилгенге чейин Кыргыз Республикасын суунун 38 пайызы менен жабдууну үзгүлтүксүз камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарбасы жана мелиорация департаменти суу маселелерин жөнгө салууга тийиштүү башка мамлекеттер менен мурда түзүлгөн документтерди иликтесин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдасын.
4. Чүй областынын Панфилов районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери менен бирдикте Панфилов районунун тургундарына чек арага чектеш райондордун режимин сактоо жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлерине төмөнкүлөр тапшырылсын:
Аспара суусунун боюндагы Кыргыз Республикасынын Казахстан Республикасы менен чек арасындагы чек ара тилкесинде Чек ара аскерлеринин турушун күчтөсүн;
эки мамлекеттин ортосундагы чек ара тилкесинде жайгашкан объектилерге бара турган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн өткөрмөлөрдү берүүнүн тартибин мүмкүн болушунча жөнөкөйлөтсүн;
Кыргыз Республикасынын аймагына Казакстан Республикасынын жарандарынын уруксатсыз кирип-чыгуусун бекем контролго алсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү суу ресурстарын, анын ичинде Токтогул суу сактагычында топтолгон сууларды натыйжалуу пайдалануу боюнча, ошондой эле башка мамлекеттерге сууну сатуу боюнча иш-чараларды иштеп чыксын.
7. Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (Т.М.Узакбаев), Эл аралык иштер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (А.Б.Баатырбеков), Коргоо жана коопсуздук боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (Т.Б.Мамытов) өздөрүнүн карамагына тийиштүү маселелерге ылайык ушул токтомдун тийиштүү органдар тарабынан өз учурунда жана натыйжалуу аткарылышын контролдоого алышсын.
Төраганын орун басары | Т.Зулпукаров
|