Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-июну №2196-V
Балдарга каршы багытталган укукка сыйбас аракеттерди болтурбоо боюнча чаралар жɵнүндɵ
Балдарга каршы багытталган укукка сыйбас аракеттерди болтурбоо боюнча чаралар жɵнүндɵ маселени карап, балдарга карата укукка сыйбас аракеттерди болтурбоо боюнча уюштуруу иш чаралары берилген талаптарга жооп бербей тургандыгы аныкталды.
Жогоруда баяндалгандан улам, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтү:
балдардын кароосуз калгандыгына каршы күрɵшүү боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыксын;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине тɵмɵндɵгүлɵр боюнча толуктоолорду жана ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү жɵнүндɵ сунуш киргизсин:
"Изин суутпай издɵɵ иши жɵнүндɵ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына телефондук кол издери, айрыкча адамдарды сатуу, жоголгон балдар, жасалган оор жана ɵзгɵчɵ оор кылмыштар боюнча ички иштер органдарынын сурамдарынын судьялар тарабынан ɵз мезгилинде каралышынын мɵɵнɵттɵрү жɵнүндɵ;
-балдардын үй-бүлɵдɵн кетип калышына жол бергендиги, балдарды тарбиялоого шалаакы мамиле жасагандыгы үчүн ата-энелердин жоопкерчиликтерин күчɵтүү боюнча;
жоголуп кеткен балдарды талыкпай издɵɵ боюнча ички иштер органдарынын, ɵзгɵчɵ кырдаалдар жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарынын ɵз ара аракеттери, ошондой эле жергиликтүү жана республикалык масштабдарда уюштуруу-издɵɵ иш-чараларынын кеңири комплексин караган токтом кабыл алсын;
ДНКны аныктоо боюнча экспертиза жүргүзүү үчүн жабдууларды сатып алсын жана анын негизинде ДНК боюнча соттук экспертиза уюштурсун.
2. Кыргыз Ресиубликасынын Ички иштер министрлиги:
жоголуп кеткен жашы жете элек дайынсыз адамдарды издɵɵ боюнча иштерди активдештирсин жана жашы жете элек адамдарга карата күч колдонуулардын алдын алуу, болтурбоо жана бетин ачуу боюнча чараларды күчɵтсүн;
ички иштер органдарында Жашы жете элек адамдардын иштери боюнча башкармалыкты түзсүн;
коңшу мамлекеттер менен маалымат алмашуу аркылуу дайынсыз жоголгон балдар боюнча ички иштер органдарынын маалыматтык-издɵɵ тутумун жакшыртсын;
дайынсыз жоголгон балдар жɵнүндɵ бирдиктүү маалыматтык база түзсүн;
тилемчилик кылган жашы жете элек балдарды ɵзүндɵ кармаган жашаган жери белгисиз адамдарды текшерүүнү камсыз кылсын жана зарыл болсо мыйзамдарга ылайык энелик же аталык укуктарынан ажыратуу жɵнүндɵ маселени чечсин;
балдардын жоголгондугу жɵнүндɵ кабар болгондо кылмыш жасоонун мумкундугун кɵрсɵткɵн белгилерди аныктоо менен кылмыш ишин токтоосуз козгосун;
балдардын жоголгондугун ɵзгɵчɵ кырдаалга теңесин жана жоголгон балдарды издɵɵ боюнча токтоосуз уюштуруу чараларын жүргүзүүну камсыз кылсын;
ички иштер органдарында үйдɵн качып кеткен жашы жете элек жеткинчектер менен байланыштарды камсыз кылуу боюнча психологдордун кызмат орундарын киргизсин;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин нɵɵмɵттүк бɵлүгүнүн ишине бардык райондук бɵлүмдɵр жана ички иштеринин аймактык органдары боюнча балдардын дайынсыз жоголгондугу жɵнүндɵ ызы-чуулуу кылмыштарга кирген учур катары борборлоштурулган кабарлоо тутумун киргизсин
Төраганын орун басары | Т. Зулпукаров
|