Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-июну № 2251-V
Кыргыз Республикасынын парктарында, гүлбактарында, пансионаттарында, курортторунда жана башка эс алуу зоналарында тазалыкты жана тартипти сактоо маселесин жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдыруу тууралуу
Кыргыз Республикасынын парктарында, гулбактарында, пансионаттарында, курортторунда жана башка эс алуу зоналарында тазалыкты жана тартипти сактоо маселесин жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдыруу жана коомдук жерлерде тазалыкты жана тартипти сактоонун эрежелери менен республиканын калкын тааныштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын жана "ЭлТР" коомдук телерадиокомпаниясынын жетекчилери төмөнкүгө милдеттендирилсин:
Кыргыз Республикасынын парктарында, гүлбактарында, пансионаттарында, курортторунда жана башка эс алуу зоналарында тазалыкты жана тартипти сактоо маселесине арналган талдоочулук телекөрсөтүү жана радио программаларын жумасына 1 жолу узактыгы 10 мүнөттөн кем эмес эфирге чыгаруу менен уюштурууга;
Кыргыз Республикасынын парктарында, гүлбактарында, пансионаттарында, курортторунда жана башка эс алуу зоналарында эс алуучулар тарабынан тазалыкты жана тартипти сактоо жөнүндө сюжеттерди "Ала-Тоо" маалыматтык программасында ай сайын узактыгы 5 мүнөт эфирге чыгаруу менен даярдоого;
Кыргыз Республикасынын парктарында, гүлбактарында, пансионаттарында, курортторунда жана башка эс алуу зоналарында тазалыкты жапа тартипти сактоо жөнүндө узактыгы 30 секунд социалдык видеороликтерди күнүнө 3 жолудан кем эмес эфирге чыгаруу менен даярдоого.
2. "Эркин-Тоо" жана "Кыргыз Туусу" газеталарынын редакцияларынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын парктарында, гүлбактарында, пансионаттарында, курортторунда жана башка эс алуу зоналарында тазалыкты жана тартипти сактоо маселесине арналган макалаларды ай сайын 2 жолудан кем эмес жарыялоону камсыз кылууга милдеттендирилсин.
3. Менчик телерадиоберүү компанияларынын жетекчилерине эфирге чыгаруу менен Кыргыз Республикасынын парктарында, гүлбактарында, пансионаттарында, курортторунда жана башка эс алуу зоналарында тазалыкты жана тартипти сактоо жөнүндө талдоочулук телекөрсөтүү, ошондой эле радио программаларды уюштуруу жана сюжеттер менен видеороликтерди даярдоо сунушталсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (К.Осмоналиев) жүктөлсүн.
Төрага | А.Жээнбеков
|