Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-июну № 2254-V
А.Масалиевдин 80 жылдык мааракеси жана элесин түбөлүккө калтыруу жөнүндө
2013-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик, партиялык жана коомдук ишмери Абсамат Масалиевдин туулган күнүнө 80 жыл толду.
"Кыргыз Республикасында мааракелик иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин биринчи абзацын жетекчиликке алып, мамлекеттин жана Кыргызстан элдеринин алдында көрүнүктүү жеке салымы, Ата-мекенге ак ниет кызмат кылуунун үлгүсү, коомдук иште жогорку жарандык позициясы, көз карандысыз кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн орношуна жана саясий реформалардын жүргүзүлүшүнө кошкон салымы үчүн, муундардын тарыхый элестерин сактоо жана кыргыз элинин даңктуу уулу А.Масалиевдин элесин түбөлүккө калтыруу максаттарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
2013-жылдагы мааракелик иш-чаралардын тизмесине А.Масалиевдин 80 жылдык мааракесин өткөрүүнү киргизсин;
А.Масалиевдин 80 жылдыгына арналган жалпы улуттук маанидеги мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик комиссия түзсүн;
А.Масалиевдин 80 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана 2013-жылга республикалык бюджеттин долбоорунда тиешелүү финансылык каражаттарды карасын;
А.Масалиевдин өмүрү жана ишмердүүлүгү жөнүндө теле-, радиоберүүлөрдү жана жалпыга маалымдоо каражаттарында материалдарды жарыялоону уюштурсун;
Абсамат Масалиев атындагы коомдук фондун А.Масалиевдин 80 жылдык мааракесин өткөрүү жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгууга тартсын;
Абсамат Масалиев атындагы коомдук фондго А.Масалиевдин 80 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ар тараптуу көмөк көрсөтүүнү сунуштасын;
кабыл алынган чаралар жөнүндө 2013-жылдын 1-февралына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдасын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө А.Масалиевдин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча иш-чараларды уюштуруу чараларын көрүүнү Кыргыз Республикасынын областтарынын мамлекеттик администрацияларынын башчыларына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тапшыруу сунушталсын.
3. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Э.Ж.Алымбеков) жүктөлсүн.
Төрага | А.Жээнбеков
|