Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-июну № 2259-V
2011-2012-жылдары Меккеге (ажы, умра) Кыргыз Республикасынын жарандарынын зыяратын уюштуруунун абалы жөнүндө
2011-2012-жылдары Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге (ажы, умра) зыяратын уюштуруунун абалы жөнүндө Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын Азирети муфтийи Чубак ажы Жалиловдун маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөндөгүлөрдү белгилейт.
"Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 1-1-бөлүгүнө ылайык, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы (мындан ары - КМДБ) Сауд Аравия Королдугунун (мындан ары - САК) аймагындагы ыйык жерлерге Кыргыз Республикасынын жарандарынын зыяратын (ажы, умра) даярдоону жүзөгө ашырат.
Мисалы, КМДБ тарабынан 2011-жылы САК аймагындагы ыйык жерлерге Кыргыз Республикасынын жарандарынын зыяратын (ажы, умра) уюштуруу жана өткөрүү боюнча белгилүү иштер жасалган.
КМДБнын 2011-жылдын 20-июнундагы № 2 токтому менен КМДБнын зыяратчылыкты уюштуруу боюнча "Ажы-Умра Борбору" мекемеси (мындан ары - Мекеме) түзүлүп, аталган Мекеменин уставы иштелип чыгылган жана бекитилген, ошондой эле Мекеменин уюштуруучулук жана текшерүү комиссияларынын курамы бекитилген.
2011-жылдын 30-июнундагы № 909-V "2011-жылдын 4-февралындагы № 151-V "2010-жылы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге зыяратын (ажы, умра) уюштуруунун жана жүзөгө ашыруунун жыйынтыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун 11-пунктун аткарууда, ошондой эле зыяратты уюштурууда жана жүзөгө ашырууда коррупцияны жана мамлекеттик кызматчылардын кийлигишүүсүн жок кылуу максатында КМДБ алдында Мекеменин Байкоочу кеңеши түзүлгөн.
КМДБнын 2011-жылдын 3-августундагы № 3 токтомуна ылайык төмөнкүдөй жоболор кабыл алынган:
КМДБнын "Ажылык-Умра Борбору" мекемесинин уюштуруу кеңеши жөнүндө;
КМДБнын "Ажылык-Умра Борбору" мекемесинин текшерүү комиссиясы жөнүндө;
КМДБнын "Ажылык-Умра Борбору" мекемесинин директору жөнүндө;
КМДБнын "Ажылык-Умра Борбору" мекемесинин убактылуу штабы жөнүндө;
"Ажы-башчысын тандоо боюнча сынактык комиссия жөнүндө";
КМДБнын Ажылык-Умра Борбору" мекемесинин ажы-башчысы жана анын иши жөнүндө;
КМДБнын "Ажылык-Умра Борбору" мекемесинин башкы менеджери жана анын иши жөнүндө;
КМДБнын "Ажылык-Умра Борбору" мекемесинин башкы бухгалтери жана анын иши жөнүндө.
КМДБнын 2011-жылдын 8-августундагы № 41 токтомуна ылайык Мекеменин жетекчи курамын, штаттык санын каржылоо маселеси каралып, келишимдин жана ажы-башчы менен эмгектик макулдашуусунун үлгүсү иштелип чыккан, Мекеменин иши боюнча каржы планы каралган, зыяраттын калькуляциясы 2350 AKШ доллары өлчөмүндө бекитилген. 2011-жылы бардык чыгымдар "АКБ "Кыргызстан" банкы аркылуу төлөнгөн. КМДБнын 2011-жылдын 8-августундагы № 1 тескемеси менен ажы-башчыларын тандоо боюнча комиссия түзүлгөн. Мурдагы ажы-башчылар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети тарабынан текшерилген.
2011-жылы ажы-башчыларын тандоо сынактык негизде өткөн. Өткөрүлгөн сынактын натыйжасы боюнча 183 катышуучудан 51 ажы-башчы тандалып алынган. Ажы-башчы болом дегендердин баары шариятты, араб жана кыргыз тилдерин билүүгө тийиш болгон. Өткөн жылдарга караганда негизги айырмачылыгы стажер талапкерлер каралбастан, тажрыйбалуу адамдар тандалган. Ажы-башчылык кызмат ордуна атаандаштар алгач тесттен, аңгемелешүүдөн өтүп, андан соң сертификат алышкан. Ажы-башчылар тандалгандан кийин Меккеге зыяратка баруучуларды тандоо жүргүзүлгөн. Бардык мечиттерде ажылыкты кандай жүргүзүү жөнүндө зыяратчылар үчүн окутуу семинарлары өткөрүлгөн. Ошондой эле ажы-башчы зыяратчынын алдында анын ырым-жырым каадаларын аткаруудагы коопсуздугуна жардам көрсөтүү даярдыгына ылайык ажы-башчы менен зыяратчынын ортосунда келишим түзүлгөн. КМДБ тарабынан Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын "Ажылык-Умра Борборунун" Сауд Аравия Королдугунда, Бишкек жана Ош шаарларында убактылуу офистери ачылган.
2011-жылы Кыргызстанга 4500 квота бөлүнгөн. Бирок, КМДБ Кыргыз Республикасына кошумча 500 квота бөлдүрүүгө жетишкен, андан соң САКнын Казак Республикасындагы элчилиги персоналдарды тейлөө үчүн кошумча 72 квота берген, жалпысынан баары 5072 квотаны түзгөн. Кыргызстандан зыяратчынын жалпы тизмеси муфтияттын сайтына жарыяланган болчу. Толук тизме Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети тарабынан кайрадан текшерилген.
Мекеменин зыяратчыларын авиа менен ташуу үчүн сынактык негизде 5 авиакомпаниядан эл аралык ташууларга лицензиясы бар "Кыргыз Транс Авиа" жана "Манас Эйр" 2 авиакомпания тандалып алынган бирок тийиштүү документтерди бербегендиктен "Манас Эйр" авиакомпаниясы менен түзүлгөн келишим бузулган. Борбордон Бишкек-Жида маршруту боюнча 1943, Ош-Жида маршруту боюнча 3098 жаран учкан, бирок Кыргыз Республикасынын 31 жаранына САКнын Казак Республикасындагы элчилиги тарабынан ажы визасын алуудан баш тартылган. Визаларды кайра сатуу фактысын болтурбоо үчүн паспорттор Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи тарабынан самолетко отуруу алдында берилген.
Жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-2012-жылдары Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге (ажы, умра) зыяратын уюштуруунун абалы жөнүндө Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын Азирети муфтийи Чубак ажы Жалиловдун маалыматы эске алынсын.
2. 2012-жылы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге зыяратын (ажы, умра) уюштуруу жана жүзөгө ашыруу маселелерин иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 5 депутатынан турган убактылуу депутаттык комиссия түзүлсүн. Убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин натыйжалары жөнүндө отчет 2012-жылы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге зыяраты (ажы, умра) аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2011-жылы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге (ажы, умра) зыяратынын өтүшү жөнүндөгү маселени карасын жана 2012-жылга Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге (ажы, умра) зыяратын уюштуруу жана өткөрүү боюнча ар тараптуу көмөк көрсөтүү милдеттерин аныктасын.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 1-1-бөлүгүнө ылайык КМДБ менен кызматташуу боюнча Сауд Аравия Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Элчилиги менен иш жүргүзсүн.
5. КМДБга төмөндөгүлөр сунушталсын:
зыяратчылардын кезектүүлүгүн сактоо тутумун кайра карап чыгуу, Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге (ажы, умра) зыяратын уюштурууну жана даярдоону бир кыйла жогорку деңгээлде жүргүзүү;
ажы визасын алууну, зыяратчылар үчүн чыгымдардын калькуляциясын, авиаташууга тендерди ачык жана тунук жүргүзүү. Авиакомпаниялар менен келишимдерди түзүүдө рейстердин кийин кечирээк мөөнөткө жылдырылган учурларында кардарларды мейманкана, тийиштүү тейлөө жана тамак-аш менен камсыз кылууга авиаташуучулардын милдеттүүлүгүн камтуу;
2012-жылы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге (ажы, умра) зыяратын уюштуруу боюнча областтардын казыларын, райондордун имам-хатибдерин жана айылдык имамдарды көмөк көрсөтүүгө тартуу;
Мекеменин областтык өкүлчүлүктөрүнүн ишин тартипке келтирүү;
зыярат жөнүндө зарыл жана керектүү маалыматтар камтылган (кыргыз тилинде) ыңгайлуу чөнтөк жол көрсөткүчтөрүн зыяратчы үчүн чыгаруу, ошондой эле көчөлөрдүн аталыштарын кыргыз жана араб тилдеринде көрсөтүү менен Мекке шаарынын картасын чыгаруу. Зыяратчылар арасында транзит өлкөлөрүнүн жана Сауд Аравия Королдугунун жүрүм-турум, үрп-адат жана каада-салт мыйзамдарын, тартибин сактоонун зарылчылыгы жөнүндө түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (К.Осмоналиев) жүктөлсүн.
Төрага | А.Жээнбеков
|