Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 19-сентябры № 2287-V
Түркия Республикасындагы Ван провинциясынын Улу-Памир айылындагы этностук кыргыздардын кайрылуусу жөнүндө
Түркия Республикасындагы Ван провинциясынын Улу-Памир айылындагы этностук кыргыздардын кайрылуусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүнү белгилейт.
1992-жылдан бери Ван провинциясынын Улу-Памир айылында этностук кыргыздардын 500гө жакын үй-бүлөсү жашап жаткандыгы кайрылуудан келип чыгат. Кыргыз элинин (өз ата-бабаларынын) тарыхы жана салт-санаасы менен таанышуу, ошондой эле кыргыз тилин үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу бүгүнкү күндө Түркия Республикасында жашаган этностук кыргыздардын жаш мууну үчүн чоң проблема болуп саналат.
Буга байланыштуу аларды кыргыз тили мугалимдери менен камсыз кылуу жөнүндө, ошондой эле Ван провинциясындагы Улу-Памир айылынын этностук кыргыздарынын балдарына Кыргызстандагы "Себат" эл аралык билим берүү мекемесинин лицейлеринде жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларын окутуу үчүн беш орун жана жалпы билим берүүчү мектептердин бүтүрүүчүлөрү үчүн "Манас" кыргыз-түрк университетинде беш орун берүү тууралуу маселелерди мамлекеттик деңгээлде кароо өтүнүчү менен кайрылган.
Жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкү маселелерди карасын:
Ван провинциясындагы Улу-Памир айылынын жалпы билим берүүчү мектептерин кыргыз тили мугалимдери менен камсыз кылуу;
Ван провинциясындагы Улу-Памир айылынын этностук кыргыздарынын балдарына Кыргызстандагы "Себат" эл аралык билим берүү мекемесинин лицейлеринде жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларын окутуу үчүн беш орун жана жалпы билим берүүчү мектептердин бүтүрүүчүлөрү үчүн "Манас" кыргыз-түрк университетинде беш орун берүү.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү көрүлгөн чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2012-жылдын 31-октябрына чейин маалымдасын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (К.Осмоналиев) жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Т.Зулпукаров
|