Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 20-сентябры № 2291-V
"Мусулмандардын күнөөсүздүгү" фильми боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин билдирүүсү жөнүндө
"Мусулмандардын күнөөсүздүгү" фильми боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.Бакир уулунун, Т.З.Зулпукаровдун жана К.Осмоналиевдин кайрылуусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүлөрдү белгилейт.
АКШда тартылган "Мусулмандардын күнөөсүздүгү" фильми мусулман дүйнөсүнүн, анын ичинде Кыргызстандын мусулмандарынын арасында нааразычылыкты жана каршылыкты жаратты. Фильм диндердин ортосундагы жек көрүүчүлүккө, касташууга жана цивилизациялардын катылышуусуна багытталган. Дүйнөлүк коомчулук экстремисттик, мусулман дүйнөсүнүн диний сезимдерин келекелеген катары "Мусулмандардын күнөөсүздүгү" фильмин көрсөтүүгө тыюу салууну талап кылууда.
Жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Мусулмандардын күнөөсүздүгү" фильмин тартууну айыптаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиркелген билдирүүсү жактырылсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
2. "Мусулмандардын күнөөсүздүгү" фильмине жетүүгө жана жайылтууга, анын ичинде интернет мейкиндигинде жетүүгө жана жайылтууга тыюу салуу боюнча чараларды мыйзамдар менен белгиленген тартипте көрүү Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына тапшырылсын.
3. Тиешелүү соттук чечим кабыл алынганга чейин "Мусулмандардын күнөөсүздүгү" фильмин интернет мейкиндигинде көрүүгө пайдалануучулардын жетүүсүнө убактылуу бөгөт коюу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттигине милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасындагы АКШнын Элчилигине жиберилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (К.Осмоналиев) жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Т.Зулпукаров
|
"Мусулмандардын күнөөсүздүгү" фильмин экстремисттик
жана исламга каршы катары айыптоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
БИЛДИРҮҮСҮ
Жогорку Кеңеш - Кыргыз Республикасынын парламенти - өлкөдөгү мыйзам чыгаруу бийлигин жүзөгө ашыруучу жогорку өкүлчүлүк органы катары Исламды жана Мухаммед пайгамбарды (С.А.В.) жек көрүүгө жык толгон "Мусулмандардын күнөөсүздүгү" фильмин катуу айыптайт.
Бул фильм дүйнөнүн бардык мусулмандары, ошондой эле калктын 80 пайызынан ашыгын түзгөн Кыргыз Республикасынын мусулмандары үчүн гана эмес, диний таандуулугу на карабастан бардык ак ниет адамдар үчүн келекелөө болуп саналат!
Фильм диндер ортосундагы жек көрүүчүлүктү, касташууну козутуу жана цивилизацияларды кагылыштыруу үчүн атайын тартылган. Бул экстремисттик фильмди кинотеатрларда жана интернет мейкиндигинде жайылтууга карата тыюу салынууга, ал эми фильмди тарткандар жазык жоопкерчилигине тартылууга тийиш!
Биздин билдирүүбүздү анын аймагында чагымчыл фильмди тарткандар жашаган жана You Tube сайтынын администрациясы жайгашкан АКШнын бийликтери угат деп өтө үмүттөнөбүз.
Бул фильм жапырт каршылык акцияларына алып келген өлкөлөрдө күнөөсүз адамдар, ошондой эле АКШнын дипломаттары менен жарандары курман болду. Жалпы тынчтык жана цивилизациялардын диалогу үчүн биз бардык өлкөлөрдө бул фильмге "Жок!" деп айтууга жана анын андан аркы жайылтылышына тыюу салынууга тийиш деп эсептейбиз.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
2012-жылдын 20-сентябрындагы
жыйналышында жактырылган