Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 26-сентябры № 2293-V
Казакстан Республикасынын аймагында жеке ишкердик ишти жүзөгө ашырып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын кайрылуусу жөнүндө
Казакстан Республикасынын аймагында жеке ишкердик ишти жүзөгө ашырып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын кайрылуусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.А.Джолдошованын маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казакстан Республикасынын аймагында жеке ишкердик ишти жүзөгө ашырып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын кайрылуусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.А.Джолдошованын маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Казакстан Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандары жана Кыргыз Республикасынын аймагында Казакстан Республикасынын жарандары тарабынан жеке ишкердик ишти жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө макулдашууну казак тарабынын ратификациялашы, тууралуу Казакстан Республикасынын Өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмүн түзүүдө миграция маселелерин жөнгө салуучу өзүнчө министрлик түзүү жөнүндө маселени карасын.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Башкы прокуратурасы, Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети эмгек мигранттарынын - Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча, ошондой эле өз эркине каршы Казакстан Республикасынын аймагында кармалып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын издөө жана алардын кайтып келүүсү боюнча иш жүргүзсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Тышкы миграция департаменти жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргелешип адамдарды сатуу менен көрүшүү боюнча жана чет өлкөлөрдө көмүскө эмгекке орношуунун болгон тобокелдиктери жөнүндө калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү ишин жүргүзсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Социалдык саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Д.А.Ниязалиева) жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Т.Зулпукаров
|