Редакцияот 27.09.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2012-жылдын 27-сентябры № 2298-V

"Кыргыз Республикасынын Финансылык рыногун жɵнгɵ салуу жана кɵзɵмɵлдɵɵ боюнча мамлекеттик кызмат жɵнүндɵ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жɵнүндɵ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын ɵкмɵтү тарабынан демилге кɵтɵрүлгɵн (2012-жылдын 14-майындагы № 286 токтом) "Кыргыз Республикасынын Финансылык рыногун жɵнгɵ салуу жана кɵзɵмɵлдɵɵ боюнча мамлекеттик кызмат жɵнүндɵ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кецешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда кɵрсɵтүлгɵн Мыйзамдын долбооруна карата ɵз сунуштарын жана түзɵтүүлɵрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндɵ 10 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.

Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети жогоруда кɵрсɵтүлгɵн Мыйзамдын долбоорун келип түшкɵн жазуу жүзүндɵгү сунуштарды жана түзɵтүүлɵрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

Төрага

А.Жээнбеков