Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-сентябры № 2302-V
"Басма иши жɵнүндɵ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ɵзгɵртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтү тарабынан демилге кɵтɵрүлгɵн (2012-жылдын 1-июнундагы № 352 токтом) "Басма иши жɵнүндɵ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ɵзгɵртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда кɵрсɵтүлгɵн Мыйзамдын долбооруна карата ɵз сунуштарын жана түзɵтүүлɵрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндɵ 5 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.
Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (К.Осмоналиев) жогоруда кɵрсɵтүлгɵн Мыйзамдын долбоорун келип түшкɵн жазуу жүзүндɵгү сунуштарды жана түзɵтүүлɵрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары |
Т. Зулпукаров
|