Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-сентябры №2307
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү жɵнүндɵ" (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жɵнүндɵ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын ɵкмɵтү тарабынан демилге кɵтɵрүлгɵн (2012-жылдын 28-майындагы № 332 токтом) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү жɵнүндɵ" (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жɵнүндɵ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда кɵрсɵтүлгɵн Мыйзамдын долбооруна карата ɵз сунуштарын жана түзɵтүүлɵрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндɵ 5 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.
Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети жогоруда кɵрсɵтүлгɵн Мыйзамдын долбоорун келип түшкɵн жазуу жүзүндɵгү сунуштарды жана түзɵтүүлɵрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары |
Т. Зулпукаров
|