Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 4-октябры № 2338-V
2012-жылдын 3-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имаратынын жанында болуп өткөн окуялар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин жетекчилеринин маалыматы тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылдын 3-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имаратынын жанында болуп өткөн окуялар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору А.Ж.Салянованын, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри З.К.Рысалиевдин жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Д.О.Чоткараевдин маалыматы эске алынсын.
2. Бишкек шаарындагы 2012-жылдын 3-октябрындагы митингдин катышуучуларынын коомдук тартипти массалык бузууларга алып келген жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексинин 295-статьясы (Бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу) жана 297-статьясы (Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо) боюнча жазык ишин козгоо үчүн негиз болуп кызмат кылган чакырыктары менен аракеттери жектөөгө алынсын.
Төрага | А.Жээнбеков
|