КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 10-октябры № 2358-V
"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.Ч.Текебаев тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 57-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык талкуулоонун жүрүшүндө Мыйзамдын долбооруна карата келип түшкөн жаңы сунуштарды иликтөө жана аны экинчи окууда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү үчүн Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине кайтарылып берилсин.
Төрага | А.Жээнбеков
|