Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 11-октябры №2375-V
"Москва шаарында 2011-жылдын 19-декабрында кол коюлган Евразиялык экономикалык коомчулуктун артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө конвенцияны ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2012-жылдын 13-июлундагы №486 токтом) "Москва шаарында 2011-жылдын 19-декабрында кол коюлган Евразиялык экономикалык коомчулуктун артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө конвенцияны ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
Төрага | А.Жээнбеков |