Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-октябры № 2401-V
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2012-жылдын 14-июнунда кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобу төмөнкү курамда түзүлсүн:
Д.А.Ниязалиева - Социалдык саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрайымы;
К.Абдиев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын демилгечиси;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
И.Ы.Жолдубаева - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы.
2. Макулдашуу тобу жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөрдүн таблицасын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна 30 календардык күндөн кечиктирбестен киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Социалдык саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Д.А.Ниязалиева) жүктөлсүн.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Жээнбеков
|