Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 31-октябры № 2433-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин жана Сенатынын депутаттарына кайрылуусун кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин жана Сенатынын депутаттарына кайрылуусу кабыл алынсын (тиркелет).
Урматтуу кесиптештер!
Элдерибиздин өз ара сыйлашууга жана ак ниет коңшулаштыкка, салтка айланган жакындыгына негизделген Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы кылымдардан бери келе жаткан тарыхый боордоштук байланыштары биздин жалпы баа жеткис жетишкендигибиз болуп саналат.
Кыргыз-казак союздаштык мамилелерин жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого жана андан ары өнүктүрүүгө алган багыты Казакстан Республикасынын Президенти Н.Назарбаевдин өтүп жаткан жылдын 22-августунда Кыргыз Республикасына жасаган мамлекеттик визитинин жүрүшүндө ырасталды. Өзүнүн сүйлөгөн сөзүндө Нурсултан Абишевич "биздин боордош элдерибиздин ортосунда чечилбей турган маселелер болбоого тийиш жана биз боордош өлкөлөр экендигибизди иш жүзүндө далилдөө менен сөздөн ишке өтүшүбүз керек" деп баса белгилеген, мунун өзү чынында эле биринчи кезектеги милдеттердин бири болуп саналат.
Биз бүгүнкү күндө кыргыз-казак эки тараптуу мамилелеринин ийкемдүү кеңейип жана тереңдеп жаткандыгын өтө канааттануу менен байкап турабыз, алар стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине көтөрүлүүдө. Боордош элдерибиздин ортосундагы эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин эске алып, улуттук мыйзамдарды жакындаштыруу жана эриш-аркак келтирүү чөйрөсүндө, анын ичинде өлкөлөрүбүздүн жарандары тарабынан Кыргызстанда да, Казакстанда да эмгек ишинин жүзөгө ашырылышы үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында эмгек миграциясы жаатындагы макулдашылган чараларды көрүү маанилүү деп тааныйбыз. Ошондой эле Кыргызстандын алдыда боло турган Бажы бирлигине киришин эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2009-жылдын 16-июнунда эле кол коюлган Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасынын аймагында жана Казакстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында жеке ишкердик жүргүзүүлөрүнүн тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуу Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилиси тарабынан тезирээк ратификациялангандыгы үчүн ыраазычылык билдирмекпиз.
Урматтуу кесиптештер!
Парламенттер аралык кызматташтык эки тараптуу кызматташтыктын таасирдүү механизми болуп саналат, ал биздин мамлекеттерибиздин жана боордош элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн кызмат кылууга тийиш. Өз ара аракеттенүүнүн ар кайсы чөйрөлөрүндө, анын ичинде мыйзам чыгаруу иши боюнча тажрыйба алмашууда кыргыз-казак парламенттер аралык кызматташтыгын андан ары кеңейтүү боюнча мазмундуу биргелешкен ишке даяр экендигибизди билдирүүгө уруксат этиңиздер.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
2012-жылдын 31-октябрындагы жыйналышында кабыл алынган
Төрага | А.Жээнбеков
|