Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 31-октябры № 2434-V
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө маалыматы тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Т.Д.Абдраимовдун жана Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары К.С.Асановдун жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Т.Д.Абдраимовдун жана Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары К.С.Асановдун жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Мыйзамынын ички карама-каршылыктарын четтетүү максатында Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен биргелешип жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун 15 күндүк мөөнөттө иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын кыйшаюусуз аткарылышын камсыз кылсын.
Төрага | А.Жээнбеков
|