Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 14-ноябры № 2473-V
Талас областынын Маймак темир жол бекетинин жабылышына байланышкан өзгөчө кырдаал жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас областынын Маймак темир жол бекетинин жабылышына байланышкан өзгөчө кырдаал жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы эске алынсын.
2. Талас областынын Маймак темир жол бекетинде түзүлгөн өзгөчө кырдаал үчүн толук жоопкерчиликти Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тартаары белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр тапшырылсын:
Талас областынын Маймак темир жол, бекетинин жабылышына байланышкан түзүлгөн өзгөчө кырдаалдын себептерин шашылыш тартипте иликтөө жана бул өзгөчө кырдаалга жол берген республиканын тиешелүү министрликтери менен ведомстволорунун жетекчилеринин жекече жоопкерчилигин кароо;
түзүлгөн өзгөчө кырдаалды чечүү үчүн Казакстан Республикасынын Өкмөтү менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча иш жүзүндөгү чараларды көрүүнү тездетүү.
4. Көрүлгөн чаралардын натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2012-жылдын 24-ноябрына чейин маалымдасын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине, Транспорт коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Т.Зулпукаров
|