Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 15-ноябры № 2490-V
"2012-жылдын 28-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өкүлчүлүк кылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Казыналыгынын Катчылыгы өкүлчүлүк кылган Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Түркия Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 100,0 млн. АКШ доллары суммасында Кредит берүү жөнүндө кредиттик макулдашууга өзгөртүүнү ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2012-жылдын 17-октябрындагы № 722 токтому) "2012-жылдын 28-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өкүлчүлүк кылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Казыналыгынын Катчылыгы өкүлчүлүк кылган Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Түркия Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 100,0 млн. АКШ доллары суммасында Кредит берүү жөнүндө кредиттик макулдашууга өзгөртүүнү ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Түркиялык компаниялар менен биргелешкен консорциумдарды түзбөстөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кредиттик макулдашуунун алкагында долбоорлорду ишке ашырууда кыргыз ишке чегилүүчүлөрдүн катышуусунун мүмкүнчүлүгүнө карата түркиялык тарап менен тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр тапшырылсын:
жогоруда көрсөтүлгөн кредиттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу долбоорлорду Бюджет жана финансы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети жана Эл аралык иштер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети менен макулдашуу;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жогоруда көрсөтүлгөн комитеттерине ар бир траншты ишке ашыруунун жыйынтыктары боюнча маалымат берип туруу.
4. Түркия Республикасынын кредитинин каражатынын эсебинен каржылануучу долбоорлор боюнча кредиттик каражаттардын бөлүштүрүлүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитеттеринин кеңейтилген жыйналышы өткөрүлсүн.
Төрага | А.Жээнбеков
|