Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 15-ноябры № 2494-V
Кыргыз Республикасындагы дене тарбия менен спорттун абалы жөнүндө жана Лондон шаарындагы 2012-жылдын XXX Олимпиялык оюндарынын жыйынтыктары тууралуу
"Кыргыз Республикасындагы дене тарбия менен спорттун абалы жөнүндө жана Лондон шаарындагы 2012-жылдын XXX Олимпиялык оюндарынын жыйынтыктары тууралуу" маселени карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүнү белгилейт.
Дене тарбиясын өнүктүрүү - бул адамдарды адеп-ахлактык тарбиялоонун маанилүү компоненти, алардын бош убактысын уюштуруунун олуттуу фактору, сергек жашоо ыңгайын бекемдөөнүн ыкмасы.
Дене тарбиясы менен алектенип, зыяндуу адаттардан баш тарткан жана өмүр бою жогорку ишке жөндөмдүүлүгүн сактап калган адамдардын санынын көбөйүшү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин артыкчылыктуу милдети болууга тийиш.
Кыргыз Республикасында дене тарбиясын жана спортту өнүктүрүүгө жетишсиз көңүл бурулууда. Акыркы жылдардын ичинде Кыргыз Республикасында массалык спорттун өнүгүшүнүн деңгээли төмөндөө өңүтүнө өткөн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан массалык спортту өнүктүрүүнүн стратегиясы иштелип чыгылган эмес, региондордо спорттун түрлөрүн жайылтуу боюнча иш тиешелүү деңгээлде жүргүзүлбөй жатат.
Олимпиялык оюндардын жыйынтыктары боюнча натыйжалардын төмөндөгү жалпысынан дене тарбиясын жана спортту өнүктүрүүгө кедерги болуп жаткан бир катар факторлор менен шартталган. Мындан ары ийгиликтерге жетишүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине спортчулар менен машыктыруучуларды жеңишке жетүүгө жүйөө түзүү керек. Машыктыруучулардын курамынын жогорку мектебин түзүү зарыл.
Лондон шаарындагы 2012-жылдын XXX Олимпиялык оюндарына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан бардыгы болуп 109872789,3 сом, Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиялык комитети тарабынан 5010200 сом чыгымдалган.
Андан тышкары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан Лондон шаарындагы 2012-жылдын XXX Олимпиялык оюндарын чагылдыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиокорпорациясына 5000000 сом бөлүнүп берилген.
Кыргыз Республикасынын курама командаларын Лондон шаарындагы 2012-жылдын XXX Олимпиялык оюндарына даярдоо жана катыштыруу үчүн бардыгы болуп 119882989,3 сом чыгымдалган.
Олимпиялык оюндардын 14 катышуучусунун ичинен 8и гана лицензиялык тандап алуу мелдештеринен өтүп, 6 спортчу Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиялык комитетинин колдоосу менен эл аралык спорттук федерациялар тарабынан Кыргызстан үчүн бөлүнүп берилген квота боюнча катышуу укугун алган.
Лицензиялык мелдештердин жыйынтыгында спорттун түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командаларынын мүчөлөрү тарабынан 14 лицензия жеңип алынган.
Бирок Лондон шаарындагы Олимпиялык оюндардын жыйынтыктары боюнча медалдар жеңип алынган жок. Бул фактылар биздин спортчулардын ийгиликсиз катышкандыгына күбө болот, анын себептери каржылык жакта гана эмес, тиешелүү инфраструктуранын жоктугунда, машыктыруучулардын квалификациясын жогорулатуудагы кемчиликтерде жана жалпысынан спорттун терең кризисинде, ошондой эле жеке машыктыруучулар, башкы машыктыруучулар, федерациялардын жетекчилери менен катар спортчулардын өздөрү тарабынан кетирилген кемчиликтерге жана өксүктөрдө жатат.
Мына ушуга байланыштуу Лондон шаарындагы 2012-жылдын XXX Олимпиялык оюндарына катышууга карата даярдык боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин солгун ишин белгилеп кетүү зарыл.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү жөнүндө, ошондой эле Лондон шаарындагы 2012-жылдын XXX Олимпиялык оюндарына Кыргыз Республикасынын спортчуларын даярдоо жана катыштыруу тууралуу маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
Кыргыз Республикасында дене тарбиясын жана спортту өнүктүрүүнүн стратегиясын иштеп чыксын;
дене тарбия жана спорт жаатындагы ишти жүзөгө ашыруучу бюджеттик мекемелерди ченемдик каржылоонун негизинде каржылоонун усулун иштеп чыксын жана жайылтсын;
спорттук даярдык мекемелеринин өнүгүү концепциясын, окуу-машыгуу процессин жүзөгө ашыруучу спорттук даярдык мекемелеринин ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны иштеп чыксын;
жогорку жетишкендиктер спортун өнүктүрүүгө республикалык бюджетте каржылоону көбөйтүүнү карасын;
андагы кризистен өтүү үчүн бизнес-түзүмдөрдү тартуу менен жогорку жетишкендиктер спортуна көмөк көрсөтүү боюнча координациялык кеңеш түзсүн;
Ысык-Көлдүн жээгинде спорттун түрлөрү боюнча комплекстүү спорттук база куруу маселесин карасын;
республикада параолимпиялык оюндарды колдоого көңүл бурсун;
Лондон шаарындагы 2012-жылдын XXX Олимпиялык оюндарына республиканын курама командаларынын катышуусунун жыйынтыктарын талдасын жана тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги:
спорттук курама командаларда иштеген машыктыруучу курамды, дарыгер-укалоочуларды, спорттук калыстарды даярдоону жана алардын квалификациясын жогорулатууну кошуп алганда үзгүлтүксүз билим берүү тутумун өркүндөтсүн, ошондой эле Ш.Сыдыков атындагы республикалык олимпиялык резервдер окуу жайынын ишин жакшыртуу маселесин карасын;
шыктуу жаш спортчуларды көп жылдык спорттук даярдоонун жана тандап алуунун тутумун иштеп чыксын жана жайылтсын;
атайын билими жок адамдардын машыктыруучулар жана дене тарбия жана спорт боюнча окутуучулар катары иштешине жол бербесин;
спорттук базаларды куруу жана ремонттоо үчүн инвестицияларды тартсын;
Кыргыз Республикасынын спорттук федерациялары менен кызматташууну жакшыртсын;
спорттун олимпиялык түрлөрүн өнүктүрүүгө көңүл бурсун.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы спорттук федерациялардын ишине жана аларды күтүүгө катышкан бизнес-түзүмдөрү үчүн салыктык жеңилдиктерди караган ченемдик укуктук актыны иштеп чыксын.
5. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (К.Осмоналиев) жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Т.Зулпукаров |
|
|